“Азаттык” үналгысынын олимпиаданы чагылдырып жаткан кабарчысы Кабыл Макештен алынган маалыматка караганда, Руслан Түмөнбаев бүгүн Орусиялык балбан Исламбек Албиев олгон таймашта жеңилип калды. Бирок, ал кечинде коло медаль үчүн Түркиялык же Кубалык эки балбандын бири менен беттешет. Ал буга чейинки үч таймаштын экөөндө жеңишке жетишип, Өзбекстандык спортсмен Дилшат Арипов менен Финляндиялык Ала Хуку Жаркону жеңген болчу. (BD)