17:47 Казак президенти Кыргызстанда

Казак президенти Нурсултан Назарбаев кыска мөөнөттүү эс алууга чыгып, Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионатка эс алууга келди. “Азаттыктын” Ысык-Көлдөгү кабарчысынын маалыматына караганда, ал Ысык-Көлдө азыр эс алып жаткан кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен бейрасмий маанайда жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жана эл аралык абал боюнча пикир алышат.(BD)