Палестиндин президенти Махмуд Аббас Израилдин тынчтык келишимин жаратпай четке какты

Аббастын айтымында, ал план боюнча Иерусалим Палестинанын борбору катарында каралган эмес. Махмуд Аббастын өкүлү Набил Абу Рдайнах Израилдин премьер-министри Эхуд Ольмерттин сунушунда олуттуулук жетишпейт деп айтты.
«Хааретз» гезитинин маалыматы боюнча, Израил сунуштаган тынчтык келишимине ылайык Батыш жээктин 93 пайызы палестиндиктердин энчисине тиймек.