НАТОнун тышкы иштер министрлери Россия менен Грузиянын ортосундагы куралдуу кагылышууну келерки шейшембиде чукул жыйында карашат

12-августта НАТОнун туруктуу өкүлдөрү Москванын согуштук аракеттери аша чаап кетти деп белгилешип, Грузияга жардам берүү жөнүндө маселе карай тургандыктарын билдиришкен. Ал эми АКШ НАТО менен Россиянын жыйынын токтотууга барды.