12:00 Жаштардын "Учур" телетеатры Борбор Азия өлкөлөрүнүн экинчи фестивалына катышат

Фестиваль 2-6-сентябрь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтөт. “Учур” телетеатры анда Султан Раевдин пьесасына коюлган “Меккеге карай узак жол” аттуу спектаклди көрсөтүшмөкчү. Маданият жана маалымат министрлигинин бидиришинче бул иш-чаранын максаты аталган жумуриятта театралдык искусство тармагында кызматташууну бекемдөө, өнөрпоздордун пикир алышуусуна шарт түзүү, аймакта биргелешкен чыгармачыл долбоорлорду иштеп чыгуу саналат. (EBM)