Шаршембиде жолго коюлган бомбанын жарылуусунан үч канадалык жоокер оор жаракат алды

Маалыматтарга караганда, окуя Зари районунда орун алган. 2002-жылдын февралында Ооганстандагы согуштук өнөктүккө кошулгандан бери 93 канадалык жоокер набыт болгон. Ооганстанда канадалык 2 миң беш жүз жоокер жайгаштырылган.