17:15 Ош: тоолуу райондордун өкүлдөрү Меккеге зыяртка барбай калуусу күтүлүүдө

Ош облус казысы Сүйүн Калыков «Азаттыкка» билдиргенине караганда, аймак тургундарына 1200 орун бөлүнсө, азырынча кайрылгандардын саны 2000ди чамалады. Бирок Алай, Кара-Кулжа, Чоң Алай сыяктуу тоолуу райондордон Меккеге барууга арыз бергендер дээрлик жокко эсе. Ошол себептүү аларга таандык квота башка өрөөндөргө бөлүштүрүлмөкчү.
Кара-Кулжа районунун акими Жаңыбай Асранов мусулманчылыктын бир парызын аткарууга жердештеринин моюну анчалык жар бербегендиктен, жыл сайын 30-40 орун бош калат. Быйыл дагы ажылыкка барууга берилген орундар толбой жаткандыгын бышыктады.
Эскерте кете турган нерсе, Меккеге ажылык зыярат кылууга бир жарым миң америкалык доллардан өйдө каражат талап кылынат. (ATo)