ОРУСИЯ ГРУЗИЯДА ЭЛ АРАЛЫК УКУККА ШЕК КЕЛТИРДИБИ?

Эгемен Грузияга кол салуу аркылуу Орусия эл аралык мыйзамды буздубу? Расмий Кремлдин айтымында, ал эл аралык келишимдердин жана эл аралык мыйзамдын алкагынан чыкпастан аракеттенген. Батыш адистери мындай бүтүм менен макул эмес. Ушул тапта Британиядагы Оксфорд университетинде иликтөө жүргүзгөн саясат таануучу Натали Уайлд (Natalie Wild) айымдын “Азаттык” үчүн даярдаган серебинин кыскача мазмуну менен тааныштыра кетели.
Ушул тапта дүйнө жүзүндө ар кыл серепчилер, эл аралык укук адистери Грузиядагы согуштун бул өлкө, Орусия жана анын коңшулары үчүн гана эмес, жалпы эле дүйнө жүзү үчүн кандай натыйжага ээ экендиги тууралуу суроону талкууга алууда.

Орусиянын бийлиги грузин-түштүк осетин тирешүүсүнө таптакыр ашыкча күч колдонуу менен мамиле кылып, эгемен өлкөгө аскерин мыйзамсыз түрдө жиберди деген өзүнө айтылган доону четке кагууда.

Кремлдин пикиринче, ал Түштүк Осетиядагы өзүнүн атуулдарын коргоо үчүн жана гуманитардык мүдөөнү көздөп бул кадамга аргасыз барды жана өз укугун пайдаланды.

Маселен, 15-августта герман канцлери Ангела Меркел менен жолугушуусу маалында орус президенти Дмитрий Медведев дал ушундай оюн айтты.

Медведевдин оюнча, Орусия Кавказдагы туруктуулукту камсыз кылган бирден бир кепилдик күчү болууда жана түштүк осетиндер менен абхаздардын саясий эркин көңүл чордонунда коймокчу.

- Орусия, Кавказдагы жана аймактагы коопсуздуктун кепилдиги катары, кавказдык дал ушул эки элдин эрки шексиз түрдө чагылдырыла тургандай чечим кабыл алат.

Британиядагы Оксфорд университетинде иликтөө жүргүзгөн саясат таануучу Натали Уайлд (Natalie Wild) айымдын “Азаттык” үчүн жазган серебине караганда, Орусиянын мындай жүйөөлөрүнүн суу кечпей турган жактары көп экендигине карабастан, ага каршы пикир айткан мамлекет башчылары аз болууда.

Деги, кайсы бир мамлекет эл аралык мыйзамга ылайык чет өлкөдө байырлаган өз улутташын же башка тууган-уругун коргой алабы?

Биринчиден, мамлекеттик эгемендикти жана өз ара достук мамилелерди кадырлай турган өлкө башка бир өлкөнүн атуулдарын берки өлкөнүн өкмөтүнүн макулдугун сурабай туруп массалык түрдө өз атуулдугуна өткөрүп, аларга оңду-солду паспорт берүүдөн алыс турганы оң.

Орусия болсо дал ушул жагдайда эл аралык салтты бузду, Грузиянын жикчил Түштүк Осетия жана Абхазия аймактарынын тургундарын күргүштөтүп өз атуулдугуна кабыл алган саясатты жүзөгө ашырды. Грузиянын өкмөтү болсо Кремлдин мындай кадамдарына таптакыр каршы болчу.

Экинчиден, эл аралык укукка ылайык, кайсы бир мамлекет чет өлкөлөрдөгү атуулдарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн ченелүү гана мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Маселен, консулдук бөлүм ачып, алар аркылуу иштей алат, бирок мында да консулдук өзү жайгашкан мамлекеттин эгемендигин жана достук карым-катнашты кадырлашы керек.

Чет өлкөдөгү өз улутташынын же тууган-уруктарынын кызыкчылыгын коргоону тигил же бул мамлекеттин өкмөтү ошол чет өлкөнүн өкмөтүнөн сурашы керек.

Тигил же бул киши кош атуулдукка же көп атуулдукка ээ болсо, ал киши кайсы өлкөдө байырлап жатса, ошол өлкөнүн өкмөтү анын укугун коргошу керек.

Ушул эле акыбал улуттук азчылыкка да таандык.

Улуттук азчылыктын кызыкчылыктарын алардын тарыхый улутташтары көбүрөөк байырлаган чет өлкө эмес, өз өлкөсү, өз атуулдук коому коргоого тийиш.

Демек, Орусия өзүнүн Баш мыйзамында орусиялыктарды чет өлкөлөрдө да коргоо тууралуу жобо кабыл алганына карабастан, башка бир мамлекеттин өкмөтүнүн уруксатысыз ошол чет өлкөнүн аймагындагы өз мекендештерин коргоого акысыз, дейт Натали Уайлд айым.

Орусия Грузиядагы согуштук аракеттери аркылуу эл аралык нормаларды жана эрежелерди бузууга барды, гуманитардык кийлигишүү дегенди шылтоо кылып, башка өлкөнүн калкын жазалоого чейин барды.

“Бир тараптуу жана ашыкча күч колдонуу аркылуу өзүнүн талаш-тартыштуу максаттарын көздөгөн жалгыз мамлекет жаңжал аймагындагы улуттар аралык мамилелерди ого бетер курчутуп, карапайым калайыктын өтө чоң деңгээлде жапа чегишине алып келиши мүмкүн экендиги Орусиянын Грузиядагы аракетинен айгинеленди”, дейт Натали Уайлд.

Тек кошумчалай кетээрибиз, анын жекече көз карашын сөзсүз эле “Азаттыктын” көз карашы катары кабылдоого болбойт.