11:20 1-сентябрда Билим берүү министри ТВ аркылуу сабак өтөт

Ишенгүл Болжурованын “Сүйүктүү Кыргызстаным” деп аталган сабагы УТРК аркылуу көрсөтүлөт. Сабак адеп-ахлакка тарбиялоону жана балдарда Мекенге болгон сүйүүнү арттырууну көздөйт. Билим берүү министри окуучуларга Кыргызстан тарыхы, маданияты жана кооз жаратылышы тууралуу токтолмокчу. (EK)