8:12 С. Жумабеков: Учак кулаганда жабыркагандарга кан керек

Бул тууралуу “Азаттык” менен эртең мененки түз байланышта №4 республикалык дарылоо борборунун башчысы Сабыр Жумабеков билдирди. Анын айтымында, оорулуулардын жетөөнүн ахыбалы оор. Оорукана 17 жабырлануучуну дарылоодо. Алардын ону - Иран мамлекетинин атуулдары. Республикалык кан борборунун кечээки маалыматына караганда, кырсыкка кабылгандарды колдоо үчүн буга чейин өз демилгеси менен 51 атуул кан тапшырды. (BuS)