16:46 Өкмөт келекри жылдын бюджет долбоорун бекитти

Бүгүн болгон өкмөттүн жыйынында 2009-жылдын бюджети каралды. Каржы министри Тажикан Калимбетова келерки жылдын бюджетинин параметрлери тууралуу маалымат берди. Ага ылайык 2009-жылдын бюджетинин кирешеси 44 миллиард 333 миллион сом, чыгашасы 46 миллиард 198 миллион сом, таңсыктык 1 милилард 865 миллион сом деп белгиленүүдө.Каржы министрлиги инфляция келерки жылы 12-13% чегинде, экономикалык өсүш 6% болот деп күтүүдө. Өкмөттүн жыйынында ошондой эле 2010 жана 2011-жылдарга бюджеттин болжолдуу параметрлери да каралды. (AiT)