Украинанын президенти Виктор Ющенко Рейтер агенттигине сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын чечимин жол берилгис кадам катары айыптаган жана мындай аракеттер Советтер Союзунун мурдагы аймагына коркунуч туудурат деп белгилеген. Украинанын өзү Кремл үчүн кезектеги “жем” болобу деген санааркоолор да бар. Грузиянын Президенти Михаил Саакашвили болсо Орусияны Грузиянын жикчил аймактары болгон Абхазия менен Түштүк Осетияда улуттук тазалоочулук саясатын жүргүзүүдө деп айыптады.