Скандинавия жана Балтика боюнун өлкөлөрүнүн парламент спикерлери бүгүн биргелешкен билдирүү жарыялап, анда Орусиянын кадамы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларына жана ЕККУнун жоболоруна кайчы келээрин билдиришкен. Орусияны өз чечиминен кайтууга үндөгөн бул билдирүүгө Норвегия, Швеция, Финляндия, Дания, Исландия, Эстноия, Латвия жана Литванын өкүлдөрү кол койгон.