11:50 2012-жылга чейин 1117 мектеп отундун кошумча түрлөрү менен жылытууга өткөрүлөт

Ушул жылда электр энергиясы менен жылытылган үч жүздөн ашык мектеп көмүр жагууга өтөт. Мындай иштерди Билим берүү министрлиги жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен биргеликте мезгил-мезгили менен ишке ашырууда, деп кабарлайт аталган минстрликтин маалымат кызматы. Быйыл Токтогул суу сактагычында суу кескин төмөндөп кеткенине байланыштуу кыргыз өкмөтү электр энергиясын пайдаланууга чектөөлөрдү киргизген. (EBM)