Ооганстан: абадан жасалган чабуулдан бир нече жоочулар өлтүрүлдү

Ооганстандын баш калаасы Кабулдун түндүгүндө кагылышуулардан жана абадан жасалган чабуулдан бир нече жоочулар өлтүрүлдү. Бул тууралуу Ооганстандагы АКШ жетектеген коалициядан кабарлашты. Маалыматтарга ылайык, окуя Каписа вилайетинин Нижраб районунда орун алган. Коалициянын жоокерлери абадан сокку ураардын алдында жоочулар аларга каршы ок жаадырган.