АКШнын вице-президенти Дик Чейни бүгүн Грузия, Украина, Азербайжан жана Италияга сапарын баштайт

Ак үйдүн өкүлү Дана Перинонун айтымында, президент Жорж Буш менен жолугушуудан кийин вице-президент иш сапар мурда даярдалган план боюнча болорун тастыктаган. Дик Чейни шаршембиде Азербайжанга, андан кийинки күнү Грузия менен Украинага барат.