8:39 Тышкы иштер министри АКШнын жаңы элчисин кабыл алды

Эднан Карабаев 2-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Татьяна Гфеллер-Волкоффдон ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн алды. Жаңы элчини кызматка киришүүсү менен куттуктаган Эднан Карабаев аны өз ишмердүүүгүндө эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусуна артыкчылык берүүгө чакырды. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)