16:40 Президент Бээжин олимпиадасында жеңишке жеткен кыргыз спортчуларын сыйлады

Бээжин олимпиадасында күмүш медаль жеңип алган Канат Бегалиев менен коло медалды ээ болгон Руслан Түмөнбаевге президент наркы 38 миң долларлык “Mitsubishi Pajero” үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычын тапшырды. Ошондой эле күмүш медаль алган Канат Бегалиевге 100 миң, коло медалды алган Руслан Тумонбаевге 75 мин АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктын сертификаттары берилди. Президент спортчуларды куттуктап жатып, алардын ысмы кыргыз спортунун тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калганын белгиледи.(SM)