8:36 Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл оюндары башталат

Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн спортчулары спорттун 15 түрү боюнча таймашууларды өткөрөт. Спорттук оюндар 12-сентябрга чейин созулуп, ага 2 миндей спортчу катышат. Оюндун ачылыш аземине өкмөттүн аппарат башчысы Мурат Исмаилов катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)