Украинада демократтардын – “саргылжын” ыңкылапчылардын саясий союзу бузулду

Президенттин фракциясы премьердин блогу менен өкмөттү түзгөн коалициядан чыкты. Өкмөт башчы Тимошенко коалицияны сактап калуу үчүн кеңешүүлөрдү өткөрүүдө. Мамлекет башчысы Ющенко болсо келерки президенттик шайлоого катышарын жана кайрадан бийликте каларын жарыялады. Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович премьер менен кызматташууга даярдыгын билдирди. Эми кырк күндүн ичинде жаңы коалиция түзүлүшү керек, болбосо президент парламентти таркатып, жаңы парламенттик шайлоо жарыялайт.