8:10 Авиакырсыктан курман болгондордун генетикалык мүнөздөмөсүнүн жыйынтыгы ушул жумада чыгып бүтүшү ыктымал

Бул тууралуу “Азаттыкка” саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, Тегеранда жүрүп жаткан бул иштер боюнча соңку маалыматтар бүгүн алынмакчы. Мындай иликтөөнүн натыйжасында төрт кыргыз жана бир казак жаранынын өздүгү аныкталганы өткөн ишембиде белгилүү болгон.
24-августтун кечинде Бишкек-Тегеран багыты боюнча сапар алган “Боинг-737” учагы “Манас” аба майданынан көтөрүлгөндөн көп өтпөй, Жаңы-Жер айылына жакын жерде күйүп кеткен эле. Бул кырсыктан учактагы 90 адамдын 65и курман болгон. Курман болгондордун көпчүлүгүнүн сөөгүн таануу кыйын болгондуктан, генетикалык аныктоо үчүн алардын ДНКларынын үлгүлөрү 29-августта Тегерандагы лабороторияга жеткирилген. Кырсыктаган учакта Ирандын, Кыргызстандын, Канаданын, Казакстандын жана Кытайдын жарандары болгон.(SM)