11:07 9-сентябрда өкмөт башчы Социал-демократиялык фракциянын депутаттары менен жолугушат

Жолугушууда Игорь Чудинов кышка даярдык, өкмөттүн азыр аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат депутаттарга маалымат берет. Бул тууралуу премьер-министрдин басма сөз катчысы Айбек Султангазиев “Азаттыкка” бүгүн билдирди. Коммунисттер фракциясынын депутаттары менен өкмөт башчы 10-сентябрда, ал эми “Ак жол” фракциясы менен 17-сентябрда жолугушат. Жолугушуулардын баары парламент имаратында өтөт.(AiT)