БУУнун Гаагадагы эл аралык сотунда Грузиянын Орусияга каршы доосу боюнча угуулар башталды

Тбилиси Москваны Абхазия менен Түштүк Осетияда улуту боюнча грузиндердин укуктарын бузганы үчүн айыптоодо. Грузия тараптын ырастоосунда, Орусия быйыл 7-августа аскерлерин алардын жикчил аймагы - Түштүк Осетияга киргизүү менен эл аралык мыйзамдарды бузууга барды. Грузия ошондой эле Орусия Түштүк Осетияда грузиндерге каршы геноцид жана улуттук тазалоо жүргүздү деп эсептейт.
Москва Тбилисинин бардык айыптоолорун четке каккан жана Түштүк Осетияга орус аскерлери элди грузин аскерлеринин зомбулугунан коргоо үчүн кирди деп ырастап келүүдө. Соттук угуулар үч күнгө созулат. Гаага соту азырынча өз чечимдерин аткаруу боюнча механизмге ээ эмес.