НАТО аскер кемелеринин тобу Кара деңизден кете баштаганын билдирди
Топко АКШ, Германия, Испания жана Польшанын кемелери кирет. Алар Кара деңизге августта, орус-грузин жаңжалы башталгандан бир аз өтпөй келишкен. НАТО кемелер тобу алдын ала пландаштырылган аскердик окууга катышуу үчүн келгенин билдирди.