СПОРТЧУЛАРГА ШАРТ ТҮЗҮЛСӨ, ЖЕҢИШ ДА БОЛОТ

Акан Иманов, Бишкек Бээжин Олимпиадасы аяктаганы менен андагы ийгиликтер же жеңилүүлөр тууралуу коомчулук дале кызуу сөз кылууда. Бээжин-2008 оюндарына дүйнөнүн 205 өлкөсү катышып кыргыз спортчулары 67 орунга татыктуу болуп кайтышкан. «Азаттыктын» талкуусуна грек-рим күрөшүнүн машыктыруучусу Мейрамбек Ахмедов, майып спортчу Эсен Калиев жана спортчу Амантур Мусагулов катышып XXIX Бээжин оюндарынын жыйынтыгы, андагы Кыргызстандын ээлеген орду, өлкөдөгү спорттун абалы жана келээрки Азия оюндары менен Лондон-2012 Олимпиадасына көрүлө турган даярдыктар тууралуу сөз козголду.
- Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи ирээт өлкнүн курама командасы 205 өлкөнүн ичинен 67 орунга татыктуу болду. Бул ийгилик тууралуу пикириңиз кандай?

А.Мусагулов: - Кыргызстандын намысын коргоп барган спортчулар аз санда барып ошол жагынан аксап жаткандыгы байкалды. Мамлекет спортчуларга мындан дагы көп көңүл бурса биз 67 орунга эмес, мүмкүн 57 же 47-орунга татыктуу болмоктурбуз. Менимче машыгуулар толук кандуу болбой калса керек. Азыркы тапта Бээжин оюндарынын байге ээси аталышкан Руслан менен Канатка жакшы колдоо көрсөтүлүүдө. Эми аларды көрүп жаштар дагы өсүп чыгат го деген тилегим бар.

Э.Калиев: - Менимче бул эн жакшы жетишкендик. Себеби, бул спортчулар жылаңач баатырлардай эле болуп өзүнун күчү, аракети менен чоң ийгиликтерди жарата алды.

М.Ахмедов: - Бул Олимпиадада 112 мамлекет медалга илинген жок. Кыргызстан болсо өзүнүн татыктуу ордун тапты. Муну менен өлкөнүн кадыр-баркы бир топ эсеге жогорулап, ийгилигибиз тарыхта калды. Спорттун башка түрлөрүнөн айта албайм, бирок грек-рим күрөшүнөн чыккан Канат менен Руслан жакшы даярдыкта болчу.

- Жанарбек Кенжеев, Данияр Көбөнөв сыяктуу таланттуу балбандар эмне себептен Бээжин оюндарына катыша алышкан жок?

М.Ахмедов: - Ийгилике жетем деген спортчу эч нерсени ойлобой, жан дили менен машыгууларын өткөрүшү керек. Чемпион болуунун башаты майда нерселерден башталат. Менимче бул спортчулардын өзүнөн кетип калды. Алар тынымсыз машыгуу өткөрүшү керек эле.

- Бээжин оюндарында Кыргызстандын 20 олимпиадачысы спорттун 8 түрүнөн өлкө намысын коргошту. Анын ичинде грек-рим күрөшүнүн балбандары эки медалга татыды, ал эми калган спортчулар болсо жеңишке жете алышкан жок?

А.Мусагулов: - Бизде көп эле спорттун түрү менен машыгуучу залдар бар жана аларда шарттар жакшы эле түзүлгөн. Менимче, тааныш-билиш системасынын кесепетинен мыкты спортчулар алдынкы орундарга жете албай жатышкандай. Биз кыргызчылыктан арылышыбыз керек, ошондо ийгиликтер болот.

Жок дегенде курама команданын спортчуларына мыкты шарт түзүлүп, чоң мелдештерге чыгарып туруу керек. Ошондо биздин атлеттер Олимпиада оюндарында өлкө намысын коргоого даяр болуп калат. Эң негизгиси таза жана күчтүү спортчулар өлкө намысын коргошу керек.

М.Ахмедов: - Грек-рим менен эркин күрөштө бир аз машыктыруучулар калган. Бүгүнкү ийгиликтер алардын дагы жеңиши. Бокстан жакшы спортчулар бар эле, бирок машыктыруучулар аздык кылууда. Оор атлетика Ош, Токтогул жана Бишкек шаарында гана бар. Мунун натыйжасында бул спорт жакшы өнүгө албай турат. Андан тышкары бүгүнкү талапка жооп берген жакшы спорт борборлору дагы керек.

Э.Калиев: - Бизде спорттун көп түрлөрү бар болгону менен аларга жакшы мамиле түзүлгөн жок. Азыр кайсы спорттон ийгилик болсо, ошолорго гана көнүл бурулууда. Биз бир-эки эле түрүнө көңүл бурбастан баардыгына тең карасак деген ойдомун.

- Мисалы, сиз машыгып келе жаткан майыптар спортуна кандай көңүл бурулууда?

Э.Калиев: - Бизге көңүл бурулууда деп айтыш өтө кыйын. Мисалы, өткөн жылы акча жок деген шылтоо менен өлкө чемпионаты өткөн жок. Мен өлкөнүн алты жолку чемпионумун жана төрт жолу рекорд жаңырткам. Спорт агентигинен мага миң сом стипендия берилет. Бул менин бир жумалык жол киреме да жетпейт. Мен кечке чейин иштеп, анан үч саат машыгуу өткөрөм. Ал жерде эч кандай шарт жок. Мына, майып спортчуларга болгон өкмөттүн камкордугу ушундай. Бизге айына жок дегенде 10-12 миң сомдук стипендия берсе жетиштүү болоор эле.

- Кайсы спорттун түрлөрүнө көбүрөөк үмүт артсак болот?

А.Мусагулов: - Спорттун жалпы түрүнө бирдей карашыбыз керек. Бизде азыр грек-рим менен эркин күрөштөн жыйынтыктар бар. Эми мээлей чеберлерине дагы ишеничибиз чоң. Кик-бокс, оор жана жеңил атлетикадан жакшы эле жетишкендиктер болуп келе жатат. Негизинен спорттун баардык түрлөрүнөн үмүтубүз чоң.

М.Ахмедов: - Жеңил атлетиканы алсак, бизден Сатымкул Жуманазаров сыяктуу мыкты спортчулар чыккан. Азыр Кыргызстанда андай жөө күлүктөр жок деп айтууга болбойт. Бизде мурда ат спорту жана спорттун 5 түрү боюнча таймаш жакшы өнүккөн эле. Биз бул спорт түрлөрүн дагы унутпашыбыз керек.

Э.Калиев: - Мен майыптар спортуна кайрылсам, бизде келечек чоң. Бир аз колдоо жана каржылоо жетишпей турат. Муну “майыптар спорту” дебестен, тең карашыбыз керек.

- Сиз эмне себептен Кытайдагы паралимпиадалык оюндарга катышкан жоксуз?

Э.Калиев: - Мына 6-сентябрда Бээжинде паралимпиадалык оюндар башталды. Ага Кыргызстандан бир гана спортчу, Роман Өмүрбеков катышууда. Мен Доха Азия оюндарына барбагандыктан, Бээжин олимпиадасына катышкан жокмун. Бизге белек катары дагы бир орун берилиши керек эле, бирок негедир Кытай өкмөтү орун берүүдөн баш тартып коюшту.

А.Мусагулов: - Кыргызстандын бир спортчунун паралимпиадага катышып жатканы, спорт чиновниктеринин жана Улуттук Олимпиада комитетинин күнөөсү. Мисалы, Армениядан бул оюндарга 18 спортчу катышууда, демек алар жакшы иштешүүдө. Бул жерде басынтуу болуп калыптыр. Кыргызстандан бир гана спортчуну жиберүү бул көңүл коштук мамиле десек жаңылышпастырмын.

-Алдыда Кыргызстадын курама командасын Азия оюндары жана Лондон Олимпиадасы күтүүдө. Кайсы спорттун түрүнөн ийгилик күтсөк болот жана кантип даярдык көрүшүбүз керек?

М.Ахмедов: - Келээрки Азия жана Олимпиада оюндарында Кыргызстанга байге алып келе турган спортчулар өсүүдө. Быйыл Олимпиада жылы болгондуктан биздин спортчулар окуп-машыгуу иштерин толук өтүшүп, бүт мелдештерге катышып келишти. Мындан ары дагы ушул жол менен кетип, эки балбаныбыздын жолун жолдосок деген тилектемин.

Бизге көлдүн жээгине бүгүнкү талапка жооп берген спорт борбору керек. Ошондо биз Орусия, Туркия, Казакстанга барып машыкпастан, алардын балбандары, мушкерлери, жеңил жана оор атлетчилери көлгө келип машыгуу өткөрүшмөк. Алардын арты менен биздин спортчулардын чеберчилиги өсмөк.

А.Мусагулов: - Баардыгын көзөмөл жеңет. Президент баш болуп бул маселени көз кырына алса, Лондон оюндарында дагы ийгилик болот. Быйылкы балбандардын жетишкендиктеринен соң биздин үмүтүбуз күн санап өсүүдө.

- Келээрки Азия жана Лондон оюндарында паралимпиадалык мелдештер дагы өткөрүлөт. Сиздерге кандай колдоолор зарыл болууда?

Э.Калиев: - Биринчиден, бизге мыкты машыктыруучулар керек. Экинчиден, баягы эле финансылык колдоо жана машыгууга жакшы шарт керек. Ошол эле маалда спортчулар жан дили менен машыгып, баардык кыйынчылыктарга даяр болушубуз керек.