БУУ АКШнын Йемендеги элчилигине кол салуусун кескин сынга алды

Улуттар Уюмунун баш катчысы Бан Ки Мун жана Коопсуздук кеңеши АКШнын Йемендеги элчилигине кол салуусун кескин сынга алышты. Кечээ Йеменде АКШ элчилигинин жанындагы жарылуу менен атышуудан кеминде он алты адам каза тапкан. Йемен бийликтеринин билдиргенине караганда, алардын алтоо коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү, алтоо кол салгандар, төртөө окуяга күбө болгондор. Күбөлөрдүн айтымында, Йемендин борбору Сана шаарындагы АКШнын элчилиги алдында оболу миналанган автоунаа жарылып арты атышуу менен коштолгон. Бул иш үчүн “Йемендеги ислам жихады” деп аталган уюм жоопкерчиликти өзүнө алды. Бирок АКШнын өкмөтү алардын артында “Ал-Каида” турганын божомолдоодо.