Тажикстандын бийликтери сүргүндөгү оппозиция лидерин камакка алууга буйрук берди

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Ватандор кыймылынын жетекчиси, Чарог-и-Руз гезитинин редактору Додожон Атовуллаевге "президентке акаарат келтирип, өлкөнү бейстабилдештирүүгө аракеттен" деген айып коюлууда. Атовуллаев Москвада жашайт.