Бирок анын атаандашы Барак Обама Маккейндин жума күнгө белгиленген алгачкы дебаттарды токтотуу сунушун четке какты. Маккейн финансылык кризиске байланыштуу Конгрессте болуп жаткан талкууларга катышууну эп көрүүдө. Ал эми Барак Обама дал ушундай учурда эки талапкердин дебаты эл үчүн керектүүлүгүн билдирүүдө.