16:25 «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын байкоочулары Жалалабатта

Аталган коалициянын узак мөөнөттөгү байкоочулары участкалык шайлоо комиссиялары шайлоо кодексине дал келбей түзүлгөнүн белгилешти. Комиссиялардын курамына бир мектептен 4-5 мугалим жана кызмат адамдары кошулуп калган.Шайлоо кору ачылбагандыктан депутаттыкка талапкерлер үгүт баракчаларын чыгара албай, маалымат каражаттары аркылуу шайлоочуларга максат-мүдөөлөрүн жеткире алышкан эмес. Алар талапкердик укуктары чектелип жаткандыгын байкоочуларга билдиришкен. Мындай кемчиликтерди ондоо жагы шайлоо комиссияларына сунуш кылынды.Коалициянын байкоочулары 5-октябрда Жалалабат жана Кочкор ата шаарлары менен Базар коргон районундагы шайлоонун жүрүшүн көзөмөлгө ала турган болушту. Облустук бөлүм тарабынан ал үчүн жакынкы күндөрү кыска мөөнөттөгү 30 байкоочу даярдалат.(YA)