Пакистандын аэропортторунда террор коркунучу эң жогорку деңгээлге көтөрүлдү

Бул тууралуу башкаала Исламабаддын аэропорту ыктымал жардыруу жөнүндө телефондон эскертүү алган соң жарыяланды. Анткен менен авиакаттамдар кадимки режимде эле жүргүзүлүүдө. Өткөн ишембиде Исламабаддагы "Марриот" мейманканасындагы жардыруудан 50дөн ашуун киши каза таап, 260тайы жаракат алгандан бери Пакистандын бийликтери жаңы террордук чабуулдар болобу деп чоочулашууда. Апта башында "British Airways" авиокомпаниясы коопсуздук жүйөөсүнөн улам Исламабадга аптасына алты ирээт болуучу каттамын токтотту. АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык кызматчылар Пакистандын үч шаары: Исламабад, Карачи, Пешевардын мейманканаларына токтоосуна тыюу салды.