Дандан күйүүчү май жасоону Эмомали Рахмон “антигумандуу жана моралга сыйбаган” нерсе катары баалады. БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө азык-түлүк жетишпегенинен тажик калкынын үчтөн экиси кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын, азык-түлүк коопсуздугу террорчулук менен барабар коркунуч экенин белгиледи.