15:05 Нурлан Шакиев: Клара Кабилованын видеокайрылуусунун анык-төгүнү такталышы керек

Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев “Азаттыкка” бүгүн “Акыйкат үчүн” кыймылы көрсөткөн Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын видеокайрылуусу тууралуу тааныша электигин айтты. Ал тасманын чын-бышыгы такталышы керектигин баса белгиледи. (EBM)