Түркмөнстанда жаңы конституция кабыл алынды

Баш мыйзамда биринчи жолу көп партиялуу система, жеке менчик жана базар мамилелери киргизилди. 2 жарым миң уруу аксакалдары жана жергиликтүү бийлик кызматкерлери кирген Элдик кеңештин жыйынында мындан тышкары кеңештин өзү жоюлуп, парламенттеги мандаттар көбөйтүлөт. Президент Бердымухамедов "бул реформалар Түркмөнстанда демократияны бекемдейт" деп айтты.