“ТУУГАНЧЫЛ БИЙДЕ ЫЙМАН ЖОК” ЖЕ БИЙЛИК НЕПОТИЗМИ

“Агым” гезити белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков менен интервью басты. Абдуразаков өз сөзүндө дүйнөдө “непотизм” деген термин барын, ал ишке жарайбы, жарабайбы, анысына карабастан өз туугандарын мамлекеттик кызматка алып келүү дегенди билдирерин, дал ушундай нерселер коррупциянын тамырын бекмедээрин, өнүккөн Сингапур өлкөсү ири алды менен так ушундай бийлик илдетинен баш тартканын, бизде коррупция десе эле пара берүү же пара алуу деп түшүнөрүн, а чынында коррупция деген өлкөнүн чирүүсү, адеп-ахлактын, уят-сыйыттын жоголушу, ачкөздүктүн, зөөкүрдүктүн ашынышы экендигин, тилекке каршы Кыргызстандын 1-президенти да, 2-президенти да муну мамлекеттик саясат катары элге жеткире албай койгондугун, коррупция дагы эле күчүндө турганын, энергия уурдап-сатып жаткандардын башында Ширшов жана анын жан-жөкөрлөрү И. Чудинов менен С. Балкыбеков бар деп коомдук пикир кан какшап келатса да аны угуп коер бийлик жоктугун сөз кылды. Мындан тышкары октябрь айынын башында Бишкекке адегенде Орусия, соңунан Беларусь президенттери келерин, эгер алар АКШ аскер базасын Кыргызстандан чыгаруу маселесин койсо Бакиев кантип чыдаар экен деп, Акүйдүн “кара тизмесине” И. Айдаралиев, Т. Калимбетова, С. Балкыбеков, А. Жапаров, К. Ташиев, А. Рыскулова, Н. Сулайманов, И. Болжурова, М. Суталинов, А. Ногоев өндүү атка минерлер кирди, кимиси аман калар экен деп, оппозиция күзүндө 30 миң киши катыштырмай болгон курултайынын макулдашуусуна кол коюптур деп, “Сапатком” байланыш түйүнү, “Доскредо” банкы, “Монарх” көңүл ачуу жайы Бишкек шаар башчысы Нариман Түлеевдики экендигин эл түгөл билерин, булардан сырткары “Кыргызтемир”, “Кыргыз темиржол” тармагындагы чоң бизнестери да жетишерлик экендигин кабарлады.

“Кыргыз туусу” 100 сом уурдаса камалат да, 10 млн. сом уурдаса иштей береби?”, “Жумушсуздук, иштетилбеген жерлердин көйгөйү”, “Абалың кандай мугалим же мугалимдерди кор туткан өлкө өнүкпөйбү?” деген ж.б. макалаларды жарыялады. Акыркы макалада профессор Бектемир Мурзаибраимов эки-үч жыл ичинде мугалимдердин эмгек акысы көрүнөрлүк көбөйгөнү менен көйгөйү дагы эле көп экендигин, ар бир жаңы муунга билим, тарбия берген мугалимдердин коомдогу орду кадырланып, урматталмайын келечекти көздөй өсчү жол бүдөмүк бойдон кала берерин 1-макаласын аркылуу баяндаган.

“Жаңы ордо” гезити жарыктын өчүрүлүшүнөн пайдаланып, трансформаторлордун майларын, электр зымдарын уурдап-тоноо башталганын, мындан да өкүнүчтүүсү электр трансформаторлору автоматтык түрдө миң жолу гана өчүргөнгө эсептелгенин, ал эми кол менен өчүрүү 10-15 жолку операцияга гана ылайыкташтырылганын, мындан ашык өчүрүлсө электр жабдуулары иштен чыгып каларын адистер айтып жатышканын, бирок өлкөнүн башкы энергетиги Сапарбек Балкыбеков “артык кылам деп тыртык кылып” атканын маалымдады. Ал эми “Туташ сабатсыздыкка карай алга” деп аталган макалада министр И. Болжурова айым жадагалса мектептерге да чоң өзгөртүү кийирип, бюджет акчасын үнөмдөп, окула турган сабактарды кыскартканын, маселен орус тилдүү мектептерде кыргыз тилин окутуу буга дейре жумасына 3 жолудан болсо анын экөө кыскарганын, кыргыз адабияты жумасына эки жолу окутулуп келсе ал бир эле жолудан окутулмай болгонун, министр айым өткөн жылы Ысык-Ата районунда жасаган экспериментин эми бүтүндөй Кыргызстанга жайылтканы калганын, мына ушул кыскарган сабактарды балдарына окутууну кааласа ата-энелер өз чөнтөгүнөн акча төлөп окутушу керектигин, бирок бир чындыгы, орус тилдүү эл эзели өз чөнтөгүн чыгым кылып кыргыз тилин окубай тургандыгын кейиш менен кеп кылды.

“Ачык саясат” гезити эки жумадан бери эмгек стажылары үчүн Акаев убагында эле убада кылынган эмгек маяналарын эмдигиче алалбай жүргөн мугалимдердин саны күндөн-күнгө өсүп жатканын, алардын айрым бир тобу депутаттарга ишенип, Жогорку Кеңештин алдына чейин барып арыз-муңун төккөнүн, бирок бир кезде ошол эле мугалимдердин добушуна куда түшкөн “ак жолчу” депутаттар мугалимдерге басып келбегенин, КР вице-премьер министри Э. Ибраимова акыры алардын айрымдарын кабыл алып, каражат табуу жагын каржы министрлигине тапшырса финансистер агай-эжейлерди төрт саат күттүрүп качып баса беришкенин, сот чечими чыккандан кийин мындай иштер аткарылбаса күнөөлүү тарап кылмыш жообуна тартыларын, муну президенттин парламенттеги өкүлү Камбаралы Коңгантиев жакшы билерин белгилеп, кечээ эле сот чечимин аткарган жок деп “Алиби” гезитин камакка алып, башкы редакторун түрмөгө сологондор эмне үчүн Кыргызстандын каржы министрине мугалимдердин карыз акчасын кайтарып бербей жүргөндүгү үчүн иш козгобойт, балким Бакиевдин туугандарынын бири мугалим болгондо бул маселе батыраак чечилет беле, демейде шайлоолордун алдында мугалимдерди байма-бай сүйлөткөн КТРдын унчкупай олтурагнын кантесиң, бир четинен мугалимдерге да чала, шайлоо, референдумдарда бийлик эмне десе ошону аткарышат да, “Ак жолду” шайлап алып эми ага кирүүгө жол табалбай жүрүшөт деп жазып чыкты.

“Кыргыз руху” гезити саясатчы И. Кадырбековдун мойнуна илинип жаткан кылмыш иштери күлкү, жөн эле саясый “показуха” экенин, ал эми мамлекетти чындап сызга олтургузуп, миллиондорду сугунуп байып алгандар четинен жеп-ичип коюп, президент Бакиевден сыйлык алып олтурганын, андайлардын бири Токтогулдун паромун, “Жибек жолун” тыйпыл кылып тынган Абдыжапар Тагаев деген болорун маалымдады. Гезит дагы бир чакан макаласын “Мэрге ишенбегиле, элге ишенгиле” деп атады.