14:00 Каржы министрлиги жергиликтүү кеңештерге шайлоо толук каржылады

Бул максатта алгач август айында 60 миллион 700 миң сом бөлүндү. Андан кийин 18-сентябрда 72 миллион 300 миң сом кошумача берилип, жалпысынан жергиликтүү кеңештерге шайлоо 133 миллион сомго каржыланды. Бул тууралуу каржы министринин милдетин убактылуу аткаруучу Арзыбек Кожошев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. (AiT)