Бул иш-чара зомбулуксуз дүйнөнүн чыгаан жарчысы Махатма Гандинин туулгандыгынын 140 жылдыгына карата өткөрүлөт. Иш-чаранын уюштуруучулары Түштүк Кавказдагы соңку окуялар геосаясаттын чечилбеген түйүндөрүнүн ченемсиз көрүнүшү болгонун белгилеген. Алардын баамында геосаясий оюндар, үстөмдүк үчүн күрөш, диний-улуттук араздашуулар, экологиялык, социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө эл аралык мамилелерди чыңдоого жана Жер планетасын сактап калууда биригүүгө мезгил жетти. (AJ)