10:00 АКШ мамкатчысынан Орозо айтка карата куттуктоо келди

КР тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин атына жолдонгон каалоо-тилегинде АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Кыргызстан элин да ыйык Рамазан айынын аякташы жана Орозо айт майрамы менен куттуктап кетерин билдирген. Жылдын бул мезгилинде адамзат жалпы баалуулуктар тууралуу терең ойлонууга мүмкүнчүлүк аларын белгилеген Райс кыргызстандыктарга саламаттык жана өлкөгө гүлдөп өнүгүүнү кааларын айтып кеткен. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.(ZKo)