18:03 Жалал-Абат облусунда шайлоо алдында шайлоочулардын тизмеси бурмаланган фактылар кездешүүдө

Жалал-Абат шаарындагы медициналык окуу жай шайлоо участкасында добуш берүүчүлөрдүн тизмесине шаарда жок адамдар кошулуп калган. Бул тууралуу депутаттыкка талапкер Илич Нарматов билдирди. Базар-Коргон райондук кеңешине төрт талапкер БШК чыгарган календарды жасалгалап өз аттарынын тушуна белги койдуртуп, шайлоочуларга таркатышкан. Аталган окуя тууралуу алардын атаандаштары шайлоо комиссиясы менен райондук сотко кайрылышты. Мындай маалымат Базар-Коргон райондук кеңешине талапкер Нооман Мурзахмедовдон алынды. Облустук шайлоо комиссиясы мындай мыйзам бузуулар өз жеринде текшерилерин билдирди. (YA)