16:45 К.Абдрахматов: Түштүк аймагында жер титирөө кийинки бир эки-жылда күчөйт

Бул тууралуу "Азаттыкка" билдирген Илимдер улуттук академиясынын сейсмологиялык институтунун жетекчиси Канат Абдырахматовдун маалыматына караганда, Алай аймагында болгон зилзаланын очогу же Кытай тарапка же Ош тарапка жылышы мүмкүн. Түштүк аймагында жер титирөөнүн активдешүүсү 2012-жылга чейин уланат. Ал эми Чүй, Ысык-Көл өрөөнүндө зилзала 2010-жылдан баштап активдеше баштайт, дейт Абдырахматов. (AJ)