17:45 Бүгүн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны башталды

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын бул жыйыны Ысык-Көлдө өтүп, анда комиссиянын кыргыз тарабына премьер-министр Игорь Чудинов, орус тарабына Россиянын энергетика министри Сергей Шматко төрагалык кылууда. Жыйындын күн тартибинде комиссиянын буга чейинки, тогузунчу жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы, анын ичинде энергетика, мунай-газ, өнөр жай, бажы жана башка тармактардагы кызматташтыкка байланышкан маселелер бар. Ошондой эле Кыргызстандын Орусияга болгон карызы боюнча маселе да жыйындын күн тартибине кирген. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.(AzK)