Кыймылдын уюштуруучуларынын бири Токтайым Үмүталиеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, өлкөгө атагы чыккан, аттуу-баштуу аксакалдар, илимпоз, академиктер өлкөдөгү жалпы абал боюнча, энергетикалык кризистен чыгуунун жолдору боюнча президент К.Бакиевге жана премьер-министр И.Чудиновго кыймылдын атынан кайрылуу жолдошот. Кайрылууда кризистик абалдан чыгуу үчүн коомдук өкмөт түзүү сунушу, энергетикалык тармакты сатуунун пайдасыздыгы айтылат.(MSu)