Украин президенти Виктор Юшенко саясий партияларга коалициялык өкмөт курууга кошумча убакыт берди

Президент мунаса табылбаса, парламентти таркатып, жаңы шайлоо жарыялай турганын эскертти.
Өткөн айда премьер-министр Юлия Тимошенко президенттин ыйгарым укуктарын чектөө сунушун колдогондо, Ющенконун партиясы коалициялык өкмөттөн чыгып кеткен. Жаңы коалиция түзүү боюнча буга чейинки сүйлөшүүлөр натыйжа алып келген жок.