Бир апта мурун АКШ Конгресси бекиткен бул мыйзам, расмий Делиге америкалык реакторлорду, технологияларды жана өзөктүк күйүүчү заттарды сатып алууга жол ачат. 1974-жылы Индия алгачкы жолу өзөктүк куралын сыноодон өткөргөндөн кийин, АКШда Дели менен бул жаата кызматташууга бөгөт коюлган эле.