11:35 Кыргызстан менен Орусия соода өкүлчүлүктөрү тууралуу макулдашышты

Кыргызстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров менен Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров эки өлкөнүн ортосунда 1992-жылы түзүлгөн соода өкүлчүлүктөрүн түзүү жөнүндөгү келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколго кол коюшту. Анын негизинде мындан ары Кыргызстан Орсуиянын Москвадан башка шаарларында да өз соода өкүлчүлүктөрүн ача алат.(BD)