Босниянын полициясы согуш кылмышкери деген шек менен 4 кишини колго түшүрдү

Сөз болгон босниялык сербдер 1992-95-жылкы уруш маалында 200дөн ашуун мусулманды жана хорватты өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектелүүдө. Аларга адамзатка каршы кылмыш жасаган деген айып тагылууда. Прокуратуранын болжолунда сербдер Влашич тоосундагы түрмөнүн туткундарын өлтүрүүгө катышкан.