17:20 Баткенде РГД-5 гранатасы табылды

Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткендеги №2022 чегара бөлүгүнүн саркери Саитжан Эратов 15-октябрда маалым кылды. Зардалыда орун алган «Коргон» чегара заставасынын көзөмөлүндөгү аймактан табылган РГД-5 аскер гранатасы, алдын ала иликтөөлөргө караганда 1999-жылдагы окуя мезгилинде согушчандар тарабынан катылган деп болжолдонууда. Быйылкы жыл башынан бери эле Баткен аймагынан эки авиабомба, беш граната жана миңден ашуун патрондор табылган. (SA)