ЭНН ВЕНЕМАН: КЫРГЫЗСТАН БАЛДАР МАСЕЛЕСИНДЕ ИЙГИЛИКТЕРГЕ ЖЕТИШҮҮДӨ

Канымгүл Элкеева, Бишкек ЮНИСЕФтин аткаруучу деректири Энн Венеман Кыргызстанга келди. Деги эле ЮНИСЕФ уюушулгандан бери уюмдун аткаруучу деректири Кыргызстанга алгачкы ирет келип отурат.
Кыргызстанга алгачкы жолу келген ЮНИСЕФтин аткаруучу деректири Энн Венеман дүйнөдө балдар маселеси эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири экенин белгиледи. «Кыргызстан бул багытта алдыга кадам таштап, өнүгүү бар дейт», - Энн айым.

- Кыргызстанга мен биринчи жолу келип жатам. Деги эле ЮНИСЕФтин аткаруучу деректири Кыргызстанга биринчи келди. Иш сапар учурунда Кыргызстандын премьер-министри менен жолугушуу болду. Жолугушууда балдар жана эне саламаттыгын коргоо, балдар жөнүндө жаңы мыйзам жана ушул багытта иш алып баруучу жаңы офистин ачылышы тууралуу сүйлөштүк. Албетте, көчө балдары, деги эле балдар маселеси актуалдуу. Кыргызстан балдар маселесине көңүл бурууда алдыга кадам таштап, өнүгүү болуп жатканы байкалды. Ошондой эле балдардын жашоосун жакшыртууда жакшы иштер жүрүп жатыптыр.

ЮНИСЕФтин аткаруучу деректири Кыргызстанга кыска убакытка келсе да өлкөдөгү балдардын абалы менен жакындан таанышканга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтат. Ал баш калаадагы реабилитациялык борборлордун биринде балдар менен да жолугушту.

- Менин Кыргызстанга болгон сапарым өлкөдөгү балдардын абалы менен дагы жакын таанышканга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ата-энелеринин, үй-бүлөнүн, турмуштун айынан көчөдө калган балдарды сыртка таштабай кабыл алууга ушундай борборлордун болгону жакшы. Ошондой эле ушул регионго туура келе турган айрым учурларды байкадым. Азыр кыйын абалга кабылган балдардын санын айта албасам да, өзгөчө камкордукка муктаж балдар жана балдар борборлору бар экенин билип калдым.

Энн айым уюмдун каржы маселесине да токтолду:

- ЮНИСЕФ буга чейин деле Кыргызстанга жардам берип келген, эки жылдык цикл үчүн 11 млн. доллар каралган. Премьер-министр менен болгон жолугушууда туура тамактануунун улуттук стратегияларын иштеп чыгуу үчүн 270 мин доллар пландалып жатканын айттым.

Энн айымдын экинчи иш сапары качан болору азырынча белгисиз. Учурда биринчи улуттук каналдан жүрүп жаткан балдар үчүн «Керемет көч» көрсөтүүсү дагы уланаарын белгиледи. Мындан сырткары балдардын акыл-эсин өстүрүүгө түрткү берчү жаңы теле программаларды түзүү пландалууда.