Бул тууралуу Пакистандын тышкы иштер министри билдирди. Тиешелүү келишимге президент Асиф Али Зардаринин Бээжиндеги сапары маалында кол коюлду. Кытай буга чейин Пакистанга атомдук станция курууга көмөктөшкөн. Экинчи станция 2011-жылы тургузулуп бүтөт деп күтүлүүдө. Министр Шах Махмуд Курешинин айтымында, кытайлык компаниялар Пакистанга 1 миллиард доллар инвестиция салууга даяр.