7:46 Маркум журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланышкан тергөөдө өзгөрүү боло элек

Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин түштүк аймагы боюнча орун басары Жеңиш Жакыпов билдирди. “Сиесат” гезитинин түзүүчүсү Алишер Саиповду былтыр 24-октябрда Ош шаарында белгисиз адамдар атып кетишкен. Бул ишти иликтөөнү президент Курманбек Бакиев өзү көзөмөлгө алгандыгы учурунда маалымдалган. Журналисттин атасы Авазбек Саипов кылмыштын бети ачыларынан үмүтү үзүлүп баратканын билдирүүдө.(BuS)