Атактуу ырчы жана композитор Муслим Магомаев дүйнөдөн өттү

Ал алтымыш жети жаш курагында бүгүн эртең менен Москвада каза тапты. Улуту боюнча азербайжан Муслим Магомаев атак-даңка 1960-жылдары алгач опера, кийинчерээк эстрада ырчысы катары ээ болгон. Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Орусия президенти Дмитрий Медведев бүгүн маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтуу билдиришти.